• 87.55
  • 95.26
  • 0.98

ЕӨБ 2 млрд долларга ЕАЭБдин инфраструктуралык долбоорлорун каржылаган

ЕАЭБ 0

Бишкек, 26.05.22. /Кабар/. Евразия өнүктүрүү банкы (ЕӨБ) 2 млрд долларга ЕАЭБдин инфраструктуралык долбоорлорун каржылаган. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан Евразиялык экономикалык форумдун жүрүшүндө белгилүү болду.

Евразия өнүктүрүү банкынын төрагасынын орун басары Амангелди Исенов банк 2 млрд доллардан ашык каражатка 42 инфраструктуралык долбоорду каржылаганын билдирди.

“Биз инфраструктураны түзүү – чоң мультипликативдик эффект берген локомотивдик тармак экенин жакшы билебиз. Мындай база түзүлмөйүн толук кандуу өнүгүү мүмкүн эмес. Биз жолдорду өнүктүрүүгө катышып жатабыз. Келечекте долбоорду каржылоо жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу инфраструктуралык инвестицияга басым жасагыбыз келет”, - деди банктын төрагасынын орун басары.

Пикир

Оставить комментарий