• 87
  • 91.29
  • 0.84

Эң кыйыны коронавирустан каза болгондорду жерге берүү болду – инфекционист

Ден соолук 0

Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында медкызматкерлер бүгүнкүдөй бааланган эмес. Коронавирус пандемиясы дүйнө жүзүндөгү адамдардын өмүрүн сактап калуу үчүн күн сайын иштеп жаткан чыныгы баатырларды, куткаруучуларды көрсөттү. 21-кылымдын "чумасынын" жайылышы дарыгерлердин баалуулугун гана эмес, көптөгөн жылдар бою топтолуп келген көйгөйлөрдү да ачыкка чыгарды.

Ага карабастан, ак халатчандардын аракети менен жашоо жаркын келечекке болгон үмүт менен уланууда.

COVID-19 Кыргызстанга 2020-жылдын март айында келген. Ал учурда, оору дүйнө жүзүн, анын ичинде коңшу мамлекеттерде дагы күчөп жаткан. Алгачкы күндөрдөн тарта бийлик, айрыкча, дарыгерлер чоң иш жасашты.

Дилшод Мамажанов Ноокат аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Дилшод коронавируска биринчилерден болуп туш болгон. “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде ал мындай оорчулуктун, пандемия учурунда иштөөнүн моралдык жана физикалык кыйынчылыктары жөнүндө айтып берди.

undefined

— COVID-19 инфекциясын жуктурган жаран менен алгачкы кездешүүңүз туурасында айтып берсеңиз?

— Башында баарыбыз телевизордон инфекционисттердин чыгып сүйлөп жатканын көргөнбүз. Ал учурда жакшы кесипти тандап алыпмын деп ойлодум. Вирус Казакстанга жеткенде, биз дүрбөлөңгө түштүк. Өзүбүздү машыктырып, жеке коргонуучу каражаттарын (ЖКК) кийүүнү үйрөнө баштадык. Алгач азыркы ЖККдай эмес, чумага каршы атайын кийимдерди кийип көрдүк. Кийин вирус бизде да пайда болду. Башында Сузак, анан Ноокат райондорунда илдет жуктурган жарандар аныкталды. Чындыгында Ноокат - ажылык сапарга баргандардын саны арбын болгон аймак. 14-мартта жугуштуу оорулар бөлүмүнө эркек киши түшүнүксүз оорунун белгилери менен келип түштү. Өпкөсүндө белгисиз оору, пневмония эмес, бирок тез арада оорусу өрчүп жатты. Биз аны пневмониядай дарыладык, ал учурда эле бейтапта коронавирус бар экен. 18-марттан тарта күмөн жаралгандан баштап жеке коргонуучу каражаттарды кийип алып иштей баштадык. Кийин гана анализинин жыйынтыгында коронавирус бар экени тастыкталды. Ошол күндөн баштап күнүнө 10-15 бейтап түшө баштады.

Башында бейтапта коронавирус бар экендигин билбегендиктен, үч медкызматкер илдетти жуктуруп алган.

Бир жумадан кийин ал бейтап каза болуп калды. Биз буга чейин жаранды кантип жана эмнени дарылаш керектигин билген жокпуз. Ал убакытта бизде кычкылтек концентраторлору болгон. 10 күндөн кийин администрациянын жардамы менен суюк кычкылтек орнотулуп, ишибизди жеңилдетти. Аталган илдеттен каза болгон жаран туурасында билгенден кийин адамдар арасында дүрбөлөң күчөп баштаган. Эки күндөн кийин экинчи бейтап көз жумду. Ооруканага бейтаптардын саны да жогору болгон. Эң көп дегенде 120 адам ооруканага түшкөн.

Мен андан кийин 2,5 ай бою изолятордо болдум. Ал жакка 18-мартта кирип, 28-майда чыктым. Бизге үйгө барууга уруксат берилбегендиктен ооруканадан чыкпай иштедик. Мындан улам өтө чарчагандыктан 20 күндүк өргүүгө чыктым. Алты күн мурда кайра кайтып келдим.

undefined

Коронавирус Кыргызстанда жаңы пайда болгондо даяр эмес элек дедиңиз, азыркы абал кандай?

— Албетте, ушул убакыт ичинде биз чоң тажрыйба топтодук. Кызматкерлер баардыгына даяр. Азыр коронавирустун белгилерин аныктап алышат, анткени бейтаптардын саны көп болгондуктан тажрыйба жетишерлик.

COVID-19 инфекциясын жуктуруп алган жарандарды кандай дарылайсыздар?

— Негизинен кан айлануу системасын жана өпкө системасын дарылайбыз, анткени коронавирус аларды жабыркатат. Симптоматикалык дарылоону баштайбыз. Мисалы, биз температураны төмөндөтөбүз, эгерде пневмония болсо, анда антибиотиктерди кошсо болот. Биз организмди колдоп, жардам берип турсак, ал өзү коронавирус менен күрөшөт.

Интернет айдыңында жеке коргонуучу каражаттардын жетишсиздиги туурасында маалыматтар көп тарады. Учурда медициналык каражаттар жетиштүү сандабы?

— Башка аймактарда кандай болгонун билбейм. Биздин башкы дарыгер алдын ала кампаларды ЖККлар менен толтуруп койгон. Биринчи күндөн тартып бизде ЖККлар көп болгон, бирок аларды кийүү же кийбөө керектигин билген жокпуз. Жеке коргонуучу каражаттарды кантип жок кылуу керек деген көйгөй жаралды. Алгачкы практика болуп жаткандыктан эмне кылуубузду билген жокпуз. Баштыктарда сактап, кээде күйгүзүп да салып жаттык. Андан кийин буйрук чыгып, эреже боюнча жок кыла баштадык.

— Сиздин эпидемилогиялык абал курч болгон жерде иштей турганыңызды билген үй-бүлөңүз аны кандай кабыл алды?

— Мен башында эле коронавирус бизге келет экенин жана ал жерде иштей турганымды түшүндүргөм. Ал күн да келип, ошол жакка жөнөдүм. Апам менен атама оор болду, эл дүрбөлөңгө түшкөндө алар да чочулады. Алар менин ден соолугум чың бойдон чыгышымды каалап, айтып турушту. Мен ооруканадан чыкканда апам кайра кайтып барбоомду суранды. Бирок райондо эки гана инфекционист болгону үчүн барууга туура келди.

— Дарыгер катары коронавирус пандемиясынын натыйжасында кандай тыянак чыгардыңыз?

— Санэпидкызматын күчөтүү керек жана мындай иш-аракеттерди алдын алуу керек деген жыйынтык чыгардым. Анткени буга чейин бизде чума, холера сыяктуу өзгөчө коркунучтуу инфекциялар жөнүндө окуулар болгон. Окуулар жетиштүү деңгээлде болгон эмес. Коргоочу кийимдерди кийгенбиз. Куш тумоосу болгон учурда да даярданганбыз. Бирок ал учурда эле пандемия эмес, эпидемияга да даяр эмес элек.

— Бүгүнкү күндө коронавирустун бар экенине ишенбегендер да жок эмес. Аларга эмне айта аласыз?

— Мен биринчи күндөн бери иштеп келе жаткандыктан адегенде адамдарга оору бар экендигин, үйдө калууну түшүндүрдүм. Анан бизге ал тууралуу айтууга көңүлүбүз барбай калды. Бейтаптардын саны жогорулап кетти. Биринчи бейтаптарды алып келишкенде, алардын туугандары өзүнчө обсервацияга алынып жаткан. Бир учур болгон, аялы башка жерде, баласы башка жерде, атасы бизде жатып дарыланган. Бизде дарыланып жаткан атасын көрө алышкан жок, анын абалы оор болчу. Күн сайын анын абалы начарлап, аны кантип сактап калууну билбей калдык. Жыйынтыгында ал көз жумду, биз аны туугандарына көрсөтө алган жокпуз, алар аны мусулман каада-салтына ылайык көмө алышкан да жок. Биз анын сөөгүн жууп, жерге бердик. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты биз үчүн өтө оор болду. Дарыгерлер жана медайымдар отуруп ыйлады.

Азыр жарандар өздөрү келип, аларды ооруканага кабыл алууну суранышууда. Кесиптештерим мага чалып, кеңеш сурашууда, анткени ооруканалар толуп калган. Дарыгерлер акча табууну каалашат деп айтууга болбойт, оору бар деп ишенишибиз керек.

— Пандемия убагында сиз үчүн эң оор болгон учур туурасында айтып берсеңиз?

— Апрелдин орто ченинде оорулуулардын саны көп болгон. Ошондой эле оор абалда жана каза болгондор да. Менин кызматкерлерим, дарыгерлер жана медайымдар да илдетти жуктуруп алышты. Биздин кесиптештерибиздин бири дагы эле комада, анын абалы оор болгондо, биз үчүн аябай кыйын болду.

Илдеттен каза болгон жарандарды жерге берүү кыйынга турду. Обочолонуп иштедик, 18 адам бир үй-бүлөдөй болуп калдык. Бул жагдайга да көпкө көнө албай койдук.

Бардыгы болуп үч адамды жерге бердик. Ал учурда карантиндин талаптары катуу болчу.

undefined

— Сиздин оюңуз боюнча биздин медиктер коронавирустун экинчи толкунуна даярбы?

— Учурда медиктер өтө эле чарчашты. Кыргызстанда медиктер аз санда, реаниматолог жана инфекционисттер өтө эле аз. Алар бүгүнкү күндө баарынан мурда керек болгон адамдар. Азыр кайра окутуу, даярдоо жүрүп жатат. Дарыгерлер даяр эмес деп айтууга болбойт, алар жөн эле жетишсиз.

Пикир

Оставить комментарий