ЕАӨБ акционер өлкөлөрдүн экономикасына дээрлик $11 млрд инвестиция салат

Экономика 0

Бишкек, 27.06.24. /Кабар/. Бир дагы эл аралык ири өнүктүрүү банкы миллиарддаган АКШ долларына инфраструктуралык объектини ГЭС болобу, же транспорттук түйүн болобу жалгыз кура албайт. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасы Николай Подгузов ЕАӨБдүн бизнес-форумунда билдирди.

Анын айтымында, өзгөчө эл аралык өнүктүрүү банктарынын кызматташуусу пайдалуу, мында узак мөөнөттүү эл аралык күч-аракеттер керек. Мындай долбоорлордо эл аралык банктар казык функциясын аткарышат.

Подгузов белгилегендей, ЕАӨБдүн стратегиясы 2026-жылга чейин акционер өлкөлөрдүн экономикасына дээрлик 11 млрд АКШ долларын инвестициялоону камтыйт. "Аймактын алдында турган чакырыктар глобалдуу. Ал эми бул жерде күчтөрдү бириктирбей туруп, ишке ашыруу бул мүмкүн эмес", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий