• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

МСК: 70 миңден ашык салык төлөөчү бирдиктүү салык декларациясын тапшырды

Экономика 0

Бишкек, 22.02.22. /Кабар/. 2022-жылдын 22-февралына карата 70 миң 891 салык төлөөчү бирдиктүү салык декларациясын тапшырды, анын ичинен 61 миң 56 декларация электрондук түрдө. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын маалымат кызматы билдирет.

Тапшыргандардын ичинен 19 миң 246 юридикалык жак, 29 миң 731 жеке ишкер, 7 872 жеке жак, 3 566 салык салынуучу кирешеси жок жеке жак, ошондой эле 10 миң 476 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер.

Эске салсак, 1-мартка чейин юридикалык жактар, 1-апрелге чейин жеке жактар былтыркы жылы алынган кирешелер же жер тилкелери жана мүлк объектилери, экономикалык ишмердиктери тууралуу жана башка маалыматтар жөнүндө отчет берүүлөрү керек.

1-мартка чейин бирдиктүү салык декларациясын ата-мекендик уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, туруктуу мекемесин түзүү менен Кыргызстанда иш жүргүзгөн чет өлкөлүк уюмдар тапшырууга милдеттүү.

1-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде иштегендер, менчигинде салык салынуучу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү же жер участогу (короо-жай участогунан башка) бар жеке жактар, ошондой эле, юридикалык жакты түзбөй туруп иштеген дыйкан жана фермердик чарбалар салык декларациясын тапшырууга милдеттүү.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номурунан же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий