ЕАӨБ менен "Исткомтранс" логистикалык компаниясынын ортосунда кызматташтык түзүлдү

Экономика 0

Бишкек, 01.07.24. /Кабар/. Евразия өнүктүрүү банкы "Исткомтранс" логистикалык компаниясынын ортосунда кызматтык тууралуу меморандум түзүлдү.

Кызматташуу жөнүндө меморандум Алматы шаарында өткөн Евразия өнүктүрүү банкынын бизнес-форумунун алкагында түзүлүп, ага "Исткомтранс" компаниясынын байкоочулар кеңешинин төрагасы Марат Сарсенов жана ЕАӨБ башкармалыгынын төрагасынын орун басары Руслан Даленов кол койду.

Белгиленгендей, келишим ислам каржылоо принциптеринин негизинде инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Кызматташтыктын негизги максаты транспорттук инфраструктураны жана логистиканы өнүктүрүү, ошондой эле Казакстандагы сооданын жана экономикалык өнүгүүсүнө көмөктөшүүчү долбоорлорду ишке ашырууга багытталган.

ЕАӨБдүн маалыматына караганда, 2024-жылдын башына карата исламдык каржылоо дүйнөлүк активдердин үлүшүнүн 4 трлн АКШ долларын түздү. Бул дүйнөлүк банк тармагынын активдеринин дээрлик 2%ын түзөт.

ЕАӨБ катышуучу мамлекеттердин рыноктук экономикасын калыптандыруу жана өнүктүрүү, алардын экономикалык өсүшүнө көмөк көрсөтүү жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо боюнча иштерди активдүү улантууда.


"Исткомтранс" логистикалык компаниясы — Казакстандагы жана Борбордук Азиядагы алдыңкы операторлордун бири. Компания ислам каржылоо принциптерине шайкеш келген долбоорлорду ишке ашырууда олуттуу тажрыйбага ээ жана аймактын өнүгүшүнө салым кошууну улантууда.

Пикир

Оставить комментарий