• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Нефтетрейдерлер республиканын күйүүчү майга болгон муктаждыгын толугу менен жабууда

Экономика 0

Бишкек, 04.03.19. /Кабар/. Нефтетрейдерлер республиканын мунайга болгон муктаждыгын толугу менен жабууда. Бул тууралуу Кыргызстандын нефтетрейдерлер Ассоциациясынан билдиришти.

“Нефтетрейдерлер Кыргызстанды толугу менен күйүүчү май менен камсыз кылууда. Алдын ала маалыматтарга ылайык, 2019-жылдын январь-февраль айларында жалпысынан 164,6 миң тонна мунай импорттолгон. Анын ичинен бензин – 88,9 миң тонна, дизель – 75,6 миң тонна”, - деп берилет маалыматта.

Белгилей кетчү нерсе, кандайдыр бир дефициттин пайда болуусуна жол бербей, өлкөнү толугу менен мунай менен камсыз кылып, нефтетрейдерлер өзүнүн эң негизги максатын так аткарууда.

Нефтетрейдерлер Ассоциациясы белгилегендей, дыйкандарды мунай менен камсыз кылуу боюнча Ассоциация менен Айыл чарба, тамак өнөр жай жана мелиорация министрлиги ортосунда кызматташуу тууралуу келишим ушул жылдын 15-январында кабыл алынган. Ошол келишимдин негизинде нефтетрейдерлер дыйкандарды толугу менен күйүүчү май менен камсыз кылууга даяр экендигин билдиришти.

Айыл чарба министрлиги билдиргендей, бул жылы жер себүү иштерине болжол менен 115,7 миң тонна күйүүчү май керектелет. Анын ичинен 90,6 миң тоннасы дизель, 25,1 миң тоннасы бензин.

Андан тышкары, бир катар компаниялар дүңүнөн алгандарга бир аз арзандатууларды тартуулашат.

Пикир

Оставить комментарий