• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

2021-жылы Кыргызстандын экономикасынын өсүү темпи 3,6%ды түздү – Экономика министрлиги

Экономика 0

Бишкек, 10.02.22. /Кабар/. Кыргызстандын 2021-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн башкы жыйынтыгы ИДПнын өсүүсүнүн оң темпи болду. Бул тууралуу КРнын Экономика жана коммерция министрлигинин 2021-жылга иштердин жыйынтыгы боюнча коллегияда айтылды.

Министрдин биринчи орун басары Сейилбек Урустемовдун айтымында, ички дүң продукциянын көлөмү 723,1 млрд сомду, ал эми реалдуу өсүү темпи 103,6%ды түздү.

“Республикалык бюджеттин жыйынды кирешелеринин жалпы көлөмү 187,4 млрд сомго жетти. Кирешенин өсүүсү фискалдаштыруу жана көмүскө экономикадан чыгаруунун натыйжасында 2020-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 53 млрд сомду, же 139,2%ды түздү”, - деди ал.

Мындан тышкары, Урустемов орто жана чакан ишкерликке насыянын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу үчүн “Айыл банк” жана “РСК банктардын” мамлекеттик үлушүнүн катышуусу менен коммерциялык банкттарды кошумча 4 млрд сомго капиталдаштыруу жүргүзүлдү. Ошондой эле Кыргыз-Венгер өнүктүрүү фонду (200 млрд доллар) жана Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду түзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий