ЕАЭБ алкагында медбуюмдарды жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу протокол ратификацияланды

Президент 0

Бишкек, 09.08.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “2023-жылдын 13-февралында Москва шаарында кол коюлган 2014-жылдын 23-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигинин алкагында медициналык буюмдарды (медициналык багыттагы буюмдарды жана медициналык техниканы) жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 29-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты 2023-жылдын 13-февралында Москва шаарында кол коюлган 2014-жылдын 23-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигинин алкагында медициналык буюмдарды (медициналык багыттагы буюмдарды жана медициналык техниканы) жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо аркылуу мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу болуп саналат.

Протокол Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерде медициналык буюмдарды 2025-жылдын 31-декабрына чейин улуттук эрежелерге ылайык каттоо мүмкүнчүлүгүн камсыздайт (колдонуудагы редакцияда 2022-жылдын 31-декабрына чейин).

2026-жылдын 1-январынан тартып медициналык буюмдарды каттоо Евразия экономикалык бирликтин эрежелерине ылайык гана ишке ашырылат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий