Сузак районунда 4 тоннадан ашуун жапайы кара куурай жок кылынды

Аймак 0

Бишкек, 09.08.23. /Кабар/. Сузак районунда 4 тоннадан ашуун жапайы кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сузак райондук, Ырыс жана Сузак айылынын милиция кызматкерлери тарабынан Саталган айылдарда жол жээгинде өскөн 4 тоннадан ашуун жапайы кара куурай орулуп өрттөлдү.

Ошондой эле жергиликтүү жашоочуларга милиция кызматкерлери тарабынан баӊгизаттардын зыяндуулугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий