Бишкек, 13-апрель /Мехриниса сулайманова-Кабар/. Кыргызстандын бизнеси Россиянын аймактары менен активдүү кызматташа баштады, бул келечекте ата мекендик ишкерлерге реалдуу сатуу рынокторун ачат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Базар, ишкана жана кызмат көрсөтүү чөйрөсү ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев билдирди.
“Жакшы саясат - мамлекет өзүнүн ишкерлери жана экспорттоочулары үчүн жаңы сатуу рынокторун ачып берген учур аталат. Жаман саясат деп үчүнчү өлкө үчүн сатуу рыногун түзүү менен товар өндүрө албай, аны башкалардан сатып алганды айтууга болот. Бизнес үчүн минималдуу административдик жана техникалык жөнгө салуунун болушу керек. КРнын Евразия экономикалык биримдигине кирүүсү эң эле туура. Анткени, жаңы сатуу базарлары ачылды. Эгер биздин республика биримдикке кирбесе, өзүбүздүн казаныбызда кайнап, айрым экспорттоочулар зыянга учурамак. Белгилүү болгондой, өлкөнүн ИДПсынын 40%ы орто жана чакан бизнестен турат, ошондуктан бул социалдык-экономикалык кырдаалга олуттуу таасирин тийгизмек”,-деди ал.
С.Пономарев Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине бардык катышуучулар үчүн кыйын кырдаалда 2015-жылы кирген деп билдирди.
“Биримдикке кирүү өнөктөштөрдөгү каатчылыкка байланыштуу созулуп калды, кыйыр түрүндө ал бизге дагы таасирин тийгизди. Улуттук валютанын түшүүсүнүн кесепетинен ишкердик активдүүлүктүн төмөндөгөнү дагы байкалган. Башкача айтканда, биз ыңгайсыз учурда кошулдук, бирок 2017-жылдан баштап ишкердик активдүүлүк көбөйдү. Биз ушул жылдан баштап Россияда жаңы соода аянттарын издөө менен алектенип жатабыз. Мен РФдагы, атап айтканда Новосибирск, Саратов, Ростов жана башка аймактардагы кесиптештер менен жолугуп жатам. Новосибирсктеги ири завод менен курулуш инструменттерин чыгаруу боюнча келишим түздүк. Ошондой эле, Новосибирскте сатуу базары катары жеңилдетилген шартта “кыргыз базары” жарманкесин ачтык. Ушундай эле жарманке Саратов жана Ростовдо дагы ачылат”,-деди ал.
С.Пономарев КРнын ЕАЭБдеги келечеги жакшы деди.
“Төмөн жакта демилге болуп, ишеним менен жолугушуу ал жемиштүү болорунан кабар берет. Түрдүү тоскоолдуктарды алуу боюнча кошумча келишимдерге кол коюлат деп үмүттөнөм. Мисалы, Казакстанда ЕАЭБдин талаптарын бузуу жана биздин товарларга санитардык текшерүү жүргүзүү салты бар. Ушул учур аягына чейин иштелген эмес”,-деди экономист.
Пикир
Оставить комментарий