• 84.92
  • 94.05
  • 0.93

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн улуттук валюталардагы өз ара эсептешүүлөрү 75 пайызга өстү — Малкина

ЕАЭБ 0

Бишкек, 27.05.22. /Кабар/. ЕАЭБ өлкөлөрүндө ички өз ара эсептешүүлөрдө улуттук валютадагы төлөмдөр акырындык менен көбөйүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Евразиялык экономикалык комиссиянын расмий өкүлү Ия Малкина билдирди.

Анын айтымында, эгерде 2013-жылы эсептешүү үлүшү 63% түзсө, акыркы маалыматтарга караганда, сооданын 75% улуттук валютада жүргүзүлүүдө.

“Доллардын үлүшү 2013-жылдагы 30 пайыздан 2021-жылы 19 пайызга чейин төмөндөдү. Рынокто болуп жаткан өзгөрүүлөрдү эске алуу менен улуттук валютада эсептешүүлөрдүн көбөйүү ыктымалдыгы жогору. Комиссиянын эксперттеринин айтымында, үлүштүн көрсөткүчүн 85 пайызга чейин күтсө болот”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий