ЕАЭБ өлкөлөрүндө эмгек акы өсүүдө. Кыргызстан алдыңкы үчтүккө кирди

ЕАЭБ 0

Бишкек, 30.01.24. /Кабар/. ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдө эмгек акы өсүүдө.

КР Финансы министрлигинен билдиришкендей, 2023-жылдын январь-август айларында ЕАЭБ өлкөлөрүндө эмгек акынын эң жогорку өсүш темпи Арменияда – 113,9%, Кыргызстанда – 112,2% жана Беларуста – 109,3% катталган.

Белгиленгендей, Кыргызстан алдыңкы 3 мамлекеттин катарына кирген.

2020-жылы Кыргызстандын консолидацияланган бюджети 247,7 млрд сомдун айланасында болсо, 2023-жылы консолидацияланган бюджет 574,5 млард сомдон ашты. Мамлекеттин ички дүң продукциясы триллиондук чектен өттү.

Пикир

Оставить комментарий