• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Беларуста ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин Биргелешкен коллегиясынын отуруму өттү

ЕАЭБ 0

Бишкек, 03.07.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 29-июнунда Беларустун Полоцк шаарында Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин Биргелешкен коллегиясынын 42-отуруму болуп өттү.

КР Мамлекеттик бажы кызматы билдиргендей, иш-чарага Кыргызстандын, Россиянын, Армениянын, Беларустун жана Казакстандын бажы кызматтарынын өкүлдөрү катышты.

Евразия экономикалык биримдигинин мүчө мамлекеттеринин биргелешкен коллегиясынын 42-отурумунда жеке колдонуу үчүн транспорт каражаттарынын тизмесин толуктоо маселелери, Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин бажы органдары тарабынан колдонулуучу тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча чаралардын жалпыланган тизмеси боюнча маселелер, ошондой эле навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча методикалык сунуштар жана күн тартибине ылайык башка актуалдуу маселелер каралды.

Белгилей кетсек, отурумда кабыл алынган чечимдер ЕАЭБ алкагында интеграцияны мындан ары да бекемдөөгө жана ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин туруктуу экономикалык өнүгүүсүнө көмөктөшүүгө умтулууну баса белгилейт.

Пикир

Оставить комментарий