• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Жыл башынан бери Кепилдик фонду ишкерлерге 4,1 млрд сомдон ашык насыя алууга көмөктөштү

Экономика 0

БишкеК, 03.07.23. /Кабар/. Жыл башынан бери Кепилдик фонду ишкерлерге банктардан 4 миллиард 105 миллион сомдон ашык насыя алууга көмөктөштү.

Кепилдик фондунун басма сөз кызматынан билдиришкендей, фонд тарабынан ишкерлерге күрөөнүн жетишпеген суммасын жабуу үчүн 1 миллиард 631 миллион сомдон ашык суммага 2 миң 925 кепилдик берилген.

Жалпысынан Кепилдик фонду ишмердүүлүгүн баштагандан бери (2017-жылдан тарта) ата мекендик ишкерлерге 6 миң 355 кепилдик берип, анын суммасы 6 миллиард 927 миллион сомдон ашты. Өнөктөш банктар Кепилдик фонддун колдоосу менен 22 миллиард 114 миллион сомдон ашык кредит беришти.

Бүгүнкү күндө берилген кепилдиктердин жалпы санынын 87%ы өлкөнүн аймактарында ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган.

Артыкчылыктуу тармактардын катарына айыл чарбасы, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, өнөр жай жана туризм кирет.

Пикир

Оставить комментарий