ЕАЭБде жеткиликтүү санариптик кызматтардын географиясы жана аудиториясы тездик менен кеңейүүдө – Саркисян

ЕАЭБ 0

Бишкек, 28.05.24. /Кабар/. Евразия өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары, ЕӨБ Санариптик демилгелер фондунун куратору Тигран Саркисян түз эфирде Евразия өнүктүрүү банкынын жогоруда аталган фонду тарабынан иштелип чыккан долбоорлор кайсы тармактарда өнүгүп, ЕАЭБде жеткиликтүү санариптик кызматтардын географиясы жана аудиториясы кантип кеңейип жаткандыгын айтып берди.

Анын айтымында, евразиялык интеграция боюнча долбоорлор алдыга жылууда. Бул долбоорлор интеграцияга чоң кызыгуу бар экендигинин ачык далили болуп саналат. Бул процесстин катышуучуларынын саны өсүп, биримдиктин ишин мындан ары да жакшыртууга түрткү бере турган аракеттер жасалып жатат.

Саркисян ЕАЭБ өлкөлөрүндө эң популярдуу жана бүгүнкү күндө суроо-талапка ээ болгон, эң актуалдуу санарип долбоорлоруна токтолду.

«Бизде мигранттарга санариптик кызматтарды көрсөтүүгө тиешелүү «ЕАЭБде иштөө» долбоору бар.

Биринчи орунда эмгек мигранттарына сапаттуу кызмат көрсөтүшүбүз керек, экинчиден эч ким бул жаатта кандайдыр бир тобокелчиликтер бар деп ойлобошу үчүн, бул чөйрөнү толугу менен ачык, айкын жана ишенимдүү кылып көрсөтүүбүз керек. Бизде буга чейин улуттук сегменттер тартылган. Россия менен Армениянын улуттук сегменттери азыртан эле иштеп жатат. Кыргызстандын улуттук сегменти да тартылган. Бул колдонмонун географиясы кеңейип жатканын көрсөтүп турат. Бул кесиптик чеберчиликти тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө мүмкүндүк берүүчү платформа. Бул долбоорго кирген негизги пункттар ийгиликтүү ишке ашырылды”, - деди ал.

Ошондой эле ЕӨБ башчысынын орун басары саламаттык сактоо жана протездөө тармагындагы кызмат көрсөтүүлөргө муктаж болгондор үчүн жаңы долбоор тууралуу айтып берди. Бүткүл ЕАЭБ боюнча бул жаатта сапаттуу кызматтарды көрсөтө турган санариптик платформа түзүлүүдө.

"Мындан тышкары, мен Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин долбоору тууралуу айткым келет.

Бул инвесторлор үчүн санариптик платформа, ал инвесторлорго санариптик кызматтарды алууга жана мамлекеттик органдар менен түз байланышууга мүмкүндүк берет, платформа өз кезегинде бюрократиялык тоскоолдуктарды жок кылат. Келечекте бул тажрыйбаны Биримдиктин бардык өлкөлөрүндө жайылтышыбыз керек”, - деп эсептейт Саркисян.

Ошондой эле Саркисяндын айтымында, “BeOnline” долбоору жеңил өнөр жай жана текстиль тармагында иштелип чыккан. Бул долбоор Кыргызстандын жана Армениянын кичи жана орто бизнесине ЕАЭБ боюнча бардык өнөктөштөр менен мамиле түзүүгө жардам берди.

Пикир

Оставить комментарий