• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө баалардын жана тарифтердин жогорулашы белгиленди

Экономика 0

Бишкек, 16.05.23. /Кабар/. 2023-жылдын апрель айында бардык ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдө керектөө бааларынын жана тарифтердин мурунку айга салыштырмалуу жогорулашы белгиленди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.

Кыргызстандагы баалардын өсүшү (0,2 пайызга) алкоголдук ичимдиктердин жана тамеки азыктарынын бааларынын жогорулашы менен (1,3 пайызга) шартталды.

2023-жылдын апрелинде экономиканын керектөө секторунда инфляциянын 2022-жылдын декабрына салыштырмалуу эң жогорку деңгээли (4,2 пайыз) Казакстанда катталды, мында азык-түлүк товарларынын (5,0 пайызга) жана азык-түлүк эмес товарлардын (3,8 пайызга) баалары эң көп өскөн. Ошол эле убакта кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларынын максималдуу өсүшү (4,4 пайызга) Беларусь Республикасында катталды.

Пикир

Оставить комментарий