• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте Эл аралык музейлер күнү белгиленет

Маданият 0

Бишкек, 16.05.23. /Кабар/. 18-майда Бишкек шаарында Эл аралык музейлер күнү белгиленет.

Борбор калаанын мэриясы бишкектиктерди жана шаар конокторун шаардык музейлер уюштурган төмөнкү иш-чараларга чакырат:

  • Саат 9:00дөн 22:00гө чейин И.Раззаковдун үй-музейи (Чуйков көч., 90) Ачык эшиктер күнүн өткөрөт.
  • Саат 9.00дөн 22.00гө чейин С.Чокморовдун музей-өнөрканасы (Токтогул көчөсү, 170) Ачык эшиктер күнүн өткөрөт.
  • Саат 9.00дөн 22.00гө чейин Т.Сатылганов атындагы адабият музейине барсаңыздар болот (Токтогул көчөсү, 109).
  • Саат 15:00дөн 22:00гө чейин О.М.Мануйлованын мемориалдык үй-музейинде (Тыныстанов көчөсү, 108) Данияр Султанов, Сыргак Курманбеков, Урустун уулу Мирзабек Көркөм өнөр академиясынын студенттери менен бирге ылайдан портрет жасоо боюнча мастер-класстарды уюштурушат.
  • Саат 15:00дөн 22:00гө чейин С.А.Чуйковдун мемориалдык үй-музейинде (Чуйков көчөсү, 87а) сүрөтчү В.Ф.Руппел заманбап искусство боюнча жана Салкынай Адышева макраме жана жип боюнча мастер-класстарды өткөрүшөт.
  • Саат 9.00дөн 22.00гө чейин А.Токомбаевдин мемориалдык үй-музейинде (Чуйков көчөсү) жана Г.Айтиевдин музей-өнөрканасында (Тыныстанов көчөсү, 78) шаар тургундары үчүн иш-чаралар уюштурулат.

Пикир

Оставить комментарий