• 87
  • 90.59
  • 0.86

ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы арзан

Экономика 0

Бишкек, 28.12.24. /Кабар/. Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы арзан. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин 2024-жылдагыЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикасындагы абалды салыштырмалуу талдаган маалыматында белгиленген.

Ага ылайык, 2024-жылдын ноябрында октябрь айына салыштырмалуу ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн баарында керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы байкалды. Кыргызстанда баанын өсүшү 1,2 пайыз деп белгиленди. Бул азык-түлүк товарларынын жана алкоголсуз суусундуктардын бааларынын өсүшү менен шартталды.

2024-жылдын ноябрында 2023-жылдын декабрына салыштырмалуу экономиканын керектөө секторунда инфляциянын эң жогорку деңгээли (8,1пайыз) Россияда катталган.

Алсак, баалардын өсүүсү мурунку айга карата Арменияда — 2%, Беларуста — 0,7% Казакстанда — 1,1%, Кыргызстанда — 1,4% Россияда — 2,3%ды көрсөтүүдө.

Кыргызстандын импортко көз карандылыгы 38 пайыз, бул – ЕАЭБдеги эң төмөн көрсөткүч. Жалпысынан бизде азык-түлүк баалары башка өлкөлөргө сальштырмалуу 11-12 пайызга арзан.

Буга чейин Айыл чарба министрлиги Кыргызстанда азык-түлүк Казакстанга салыштырмалуу 14,7 пайызга, Россияга салыштырмалуу 15,2 пайызга арзан экенин билдирген.

Салыштырып көрөлү: Кумшекердин дүйнөлүк баасы былтыркыга салыштырмалуу 21% арзандаган. Алсак: 1 кг кумшекер Кыргызстанда 67 сом 90 тыйын, Россияда — 69 рубль болсо, Беларуста — 66 сом 66 тыйын. Ал эми Арменияда — 73 сом 90 тыйын, Тажикстанда — 102 сом 61 тыйын, Өзбекстанда — 63 сом 98 тыйын.

Өсүмдүк майынын 1 литринин орточо баасы Кыргызстанда 119 сомдон жогору, Казакстанда — 147 сом 50 тыйын, Россияда — 110 сом, Беларуста — 106 сом, Арменияда — 208 сом 50 тыйын, Тажикстанда — 173 сом 20 тыйын, Өзбекстанда болсо — 133 сом 60 тыйын.

Биринчи сорттогу 1 кг ундун орточо баасы Кыргызстанда — 69,43 тыйын, Россияда — 27 сом 20 тыйын, Беларуста — 33 сом 90 тыйын, Арменияда — 80 сом 60 тыйын, Тажикстанда — 86 сом 10 тыйын, Өзбекстанда — 51 сом 20 тыйын.

1-сорттогу буудай унунан жасалган нандын килограммы Кыргызстанда — 61 сом 20 тыйын, Россияда — 187 сом 80 тыйын, Беларуста — 286 сом 40 тыйын, Арменияда — 275 сом 20 тыйын, Тажикстанда — 170 сом 90 тыйын, Өзбекстанда — 187 сом 80 тыйындан сатылууда.

Өздүк өндүрүштүн эсебинен Кыргызстан өзүн нан азыктары, эт, шекер жана жумуртка сыяктуу азык-түлүк менен болгону 40%га, ал эми өсүмдүк майы менен 24% га гана камсыз кылат.

Демек, республика импортко көз каранды болгондуктан, коңшу өлкөлөрдөгү баалардын өзгөрүүсү сезилбей койбойт.

ЕАЭБ өлкөлөрүндө ноябрь айына карата жылдык инфляция: Арменияда — 1,4%, Белоруссияда — 5,5%, Казакстанда — 8,4%, Кыргызстанда — 5,7%, Россияда — 8,9% түздү.

Пикир

Оставить комментарий