Эдил Байсалов Алай районундагы бир катар социалдык-маданий объектилерди кыдырды

Өкмөт 0

Бишкек, 22.03.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Ош облусуна жумушчу сапарынын алкагында Алай районунун Гүлчө айылын суу менен камсыздоо тутумунун абалы менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгиленгендей, 12 миңден ашуун адам жашаган райондук борбордо жергиликтүү тургундарды ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыздоогго байланыштуу көйгөйлөр бар.

Ошондой эле Эдил Байсалов Курманжан Датка атындагы тарыхый-этнографиялык музейинде болуп, музейге коюлган экспонаттардын жана экспозициялардын абалы менен таанышты.

Андан соң министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Ош облусунун Алай районунун айыл өкмөттөрүнүн командалары ортосунда Нооруз майрамына карата өткөрүлгөн көк-бөрү турниринин финалисттерин сыйлоо аземине катышты.

Пикир

Оставить комментарий