• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Эдил Байсалов Азиядагы кызматташтык диалогу уюмунун башкы катчысы менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 05.10.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Азиядагы кызматташтык диалогу уюмунун (АКДУ) башкы катчысы Насер Аль-Мутаири менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Катар мамлекетинин борбору – Доха шаарында мамлекет, өкмөт жана министрликтердин башчыларынын катышуусунда өткөн АКДУнун Үчүнчү саммитинин жыйынтыгын чыгарышты.

Тараптар саммиттин “Спорт дипломатиясы” темасын белгилешти жана АКДУ алкагында өз ара аракеттенүүнүн келечегин, анын ичинде эки тарапты кызыктырган долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты. Диалогдун алкагында Кыргызстандын катышуусун активдештирүү боюнча макулдашууларга жетишилди.

Башкы катчы кыргыз делегациясынын АКДУ саммитине активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго анын эң жакшы саламын жеткирүүнү өтүндү.

Саммитте жарыяланган тоо күн тартибинин темасынын контекстинде Эдил Байсалов Кыргызстандын тоо жана климаттык демилгелерин колдоого үмүттөнөрүн билдирди.

Сүйлөшүүнүн аягында министрлер кабинетинин башчысынын орун басары АКДУнун жетекчисин Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий