• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Эдил Байсалов Бакуда өткөн COP29 иш-чарасына катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 19.11.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов COP29 президенти – Азербайжандын Экология жана жаратылыш ресурстары министри Мухтар Бабаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу Баку шаарында өткөн Климаттын өзгөрүшү боюнча БУУнун Алкактык Конвенциясынын тараптарынын 29-конференциясына катышуусунун алкагында өттү.

Жолугушууда Эдил Байсалов COP29дун жогорку деңгээлде уюштурулушуна жана азербайжан тараптын салттуу меймандостугуна суктануусун билдирип, мындай маанилүү иш-чаранын ийгиликтүү өтүшү климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө глобалдык кызматташтыкты бекемдөөгө өбөлгө түзөөрүн белгиледи.

«Кыргыз Республикасы климат боюнча эл аралык милдеттенмелерди аткарууга өзүнүн берилгендигин жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча глобалдык күч-аракеттерге салым кошууга даяр экендигин баса белгилейт», - деп ишендирди Эдил Байсалов сүйлөшүүлөрдө.

Мухтар Бабаев өз кезегинде иш-чарага кыргыз делегациясы активдүү катышып жатканын баса белгиледи. Ал Кыргызстандын улуттук павильонуна өзгөчө көңүл буруп, аны конференциянын эң жаркыраган жайларынын бири деп атады.

Мындан тышкары, конференциянын жүрүшүндө Эдил Байсалов башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, анда туруктуу өнүгүү жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланды.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары ошондой эле глобалдык климаттык чакырыктарга, анын ичинде климаттык долбоорлорду каржылоо, суу ресурстары жана көмүртектүү экономикага өтүү маселелерине арналган бир катар пленардык жыйындарга, кошумча иш-чараларга жана конференциянын тематикалык сессияларына катышты.

Климаттын өзгөрүүсү боюнча Тараптардын Конференциясында Кыргызстандын делегациясы тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүнүн күн тартибин активдүү илгерилетүүдө жана бул маселеге дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бурууга умтулууда.

Пикир

Оставить комментарий