• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Эдил Байсалов Бишкектеги ыш көйгөйү боюнча пикирин билдирди

Коом 0

Бишкек, 13.12.24. /Кабар/. Борбор калаанын айланасындагы ыш маселеси тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өз пикирин билдирди.

Ыш дагы сасык тумоонун сезондук эпидемиясындай эле жыл сайын пайда болот деген Эдил Байсалов бир катар маселелерге токтолду.

Анын айтымында, жыл сайын дээрлик бир убакта парламенттин депутаттары бул тууралуу социалдык түйүндөргө билдирүүлөрдү жарыялап, трибунадан бул темада суроолорду берип башташат.

«Өткөн үч жылдын ичинде республиканын аткаруу бийлиги тарабынан өлкөнүн шаарларында абанын булганышынын деңгээлин төмөндөтүү боюнча олуттуу чаралар көрүлүп, кескин кадамдар жасалды. Бул өзгөчө Бишкек шаарына тиешелүү.

Борбор калаанын ЖЭБин кыш мезгилине карата даярдоонун жүрүшүндө атмосферага зыяндуу заттарды чыгаруунун деңгээлин төмөндөтүүгө багытталган бир катар иш-чаралар аткарылды. Эки жылдын ичинде шаарларда жана жаңы конуштарда газификация жүргүзүлдү, бул атмосфералык көрсөткүчтөрдүн деңгээлине жакшы таасирин тийгизди.

Бүгүнкү күндө таштандыларды кайра иштетүү жана шаардын таштанды таштоочу жайын кыскартуу боюнча долбоорду ишке ашыруу дээрлик аяктады. Бирок шаардагы абанын булганышынын дагы бир фактору - унаалардын газдары. Тилекке каршы, өлкөдө көпчүлүк унааларда керектүү жабдуулары жана катализаторлору жок. КР министрлер кабинети борбор калаанын мэриясына катализаторлорду унааларга массалык түрдө орнотуу үчүн шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнү тапшырды. Ошол эле учурда катализаторлордун баасы 70-100 доллардан ашпасын деген тапшырма коюлду», - деди Байсалов.

Төраганын орун басарынын айтымында, өлкөнүн аткаруу бийлиги абага зыяндуу заттарды чыгарууну азайтуу жана шаарлардын абасынын булганышынын деңгээлин минималдаштыруу маселесин чечүү үчүн бардык чараларды көрүп жатат. «Көп нерселер оң жагына чечилет, бирок дароо эле баары ишке ашпайт. Ири шаарлардагы, өзгөчө дүйнөнүн өнөр жайлуу шаарларындагы абанын булганышы дээрлик чечилбеген маселе.

"Ошого карабастан, ар бир мамлекет, ар бир өкмөт өзүнүн күчү жана мүмкүнчүлүгүнө жараша бул көйгөйдү чечүүгө көп күч-аракетти жана каражатты жумшайт. Бул татаал милдетти чечуүгө Кыргызстандын жетекчилиги, министрлер кабинети да өтө кылдаттык менен мамиле кылууда. Бул байкалаарлык натыйжаларды берип жатканын айтышым керек", - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий