• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Эдил Байсалов ИСЕСКОго мүчө мамлекеттердин III министрлер конференциясына катышты

Коом 0

Бишкек, 03.10.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Омандын Маскат шаарында өткөн ИСЕСКОго мүчө мамлекеттердин III министрлер конференциясына катышты.

Эдил Байсалов өз сөзүндө эл аралык уюмдар жана башка кызыкдар тараптар менен өнөктөштүктү жана өз ара аракеттенүүнү чыңдоого кызыкдар экенин билдирди.

Ошондой эле ИСЕСКОго мүчө мамлекеттердин III министрлер конференциясынын алкагында Эдил Байсалов Оман Султанатынын вице-премьер-министри Саид Фахд бин Махмуд Аль Саид, билим берүү министри доктор Мадиха бин Ахмед бин Насер Аль Шибания менен, ошондой эле эл аралык жана региондук уюмдардын өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Пикир

Оставить комментарий