Эдил Байсалов КМТУнун жана БМУнун ишмердүүлүгү менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 13.05.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов И.Раззаков атындагы кыргыз мамлекеттик техникалык университети (КМТУ) менен К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин (БМУ) ишмердүүлүгү жана материалдык-техникалык базасы менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Эдил Байсалов КМТУнун бир катар лабораторияларын көрүп чыкты, маалымат борборлорун жана кафедраларын кыдырып, студенттер менен баарлашты.

Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары КМТУнун жана КМКАТУнун профессордук-окутуучулук жамааты менен жолугушууда окуу процессин сынга алып, бүтүрүүчүлөрдүн учурдагы билими жана ЖОЖдордун окуу программалары экономиканын жана рыноктун заманбап талаптарына жооп бербей турганын белгиледи.

Ал белгилегендей, университетти өлкөдөгү өндүрүштү жана маалыматтык технологияларды өнүктүрүүгө күчтүү импульс бере ала турган инженерлерди чыгара турган “мыктылардын борборуна” айландыруу керек.

Өз кезегинде БМУ ректору Абдылда Мусаев Эдил Байсаловго университеттин акыркы жылдардагы жетишкендиктери тууралуу айтып берип, ошондой эле окуу жайга караштуу институттар менен маданий-билим берүү борборлорунун ишмердүүлүгү менен тааныштырды.

Эдил Байсалов университеттердин ректораты менен окутуучуларын студенттерди окутуу процессин жана алардын жашоосун өзгөртүү, ошондой эле алардын атаандаштыкка туруштугун жогорулатуу жана алган билимдеринин сапатын жогорулатуу максатында кардиналдуу чараларды көрүүгө чакырды.

Белгилей кетсек, министрлер кабинети орто мектептин бүтүрүүчүлөрүн ЖОЖдорго тапшырууда педагогикалык жана инженердик-техникалык адистиктерге артыкчылык берүүгө чакырган маалыматтык кампанияны ишке ашырууда.

Пикир

Оставить комментарий