• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Алайкууда милициясынын көчмө кабылдамасы калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Аймак 0

Бишкек, 13.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 13-майда Алайкуу айыл аймагында Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери көчмө кабылдама унаасы менен калк арасында түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарада түнкү учурда мал жандыктарды жол жээгинде жана башка жактарда кароосуз калтырбоо, мал уурулуктардын алдын алуу, айдоочулар арасында жол эрежелерин сактоо, мыйзамсыз сактоодогу ок атуучу куралдарды өткөрүү же мыйзамдаштарыуу жана сактоо эрежелерин бузбоо, үй-бүлөөлүк зомбулуктун жана жашы жете электерге карата зомбулуктардын алдын алуу, аймактарда иштеп жаткан милициянын көчмө кабылдамалары боюнча элге кеңири маалымат берүү максатында эл менен жолугушуулар өткөрүлдү.

Андан сырткары КР президентинин “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгы тууралуу маалыматтар жеткирилип, жарандарга юридикалык кеңештер берилүүдө.

Ушул сыяктуу профилактикалык иш-чаралар Ош облусунун бардык аймактарында уланууда.

Жыл башынан бери Кара-Кулжа РИИБдин милициянын көчмө кабылдама унаасы 89 жолу аймактарды кыдырууга чыгып, 110 жарандын арыз даттанууларын алышкан. Арыз даттануулар социалдык маселелер болгондуктан, тиешелүү кызмат өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий