• 84.24
  • 93.53
  • 0.91

Эдил Байсалов Маскат шаарында ISESCOнун башкы катчысы менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 02.10.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Омандын Маскат шаарында ИСЕСКОнун башкы катчысы Салем бин Мохаммед Аль-Малик менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жолугушуу Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча ислам кызматташтык уюмуна (ISESCO) мүчө-өлкөлөрдүн үчүнчү министрлер конференциясынын алкагында өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен ИСЕСКОнун ортосундагы кызматташтыктын учурдагы жана келечектеги багыттарын талкуулашты.

Эдил Байсалов билим берүү жана илим тармагында өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, КР билим берүү системасын модернизациялоодогу олуттуу жетишкендиктерин жана бул процессте эл аралык өнөктөштөрдү колдоосунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары ИСЕСКОго көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан уюмдун программаларына катышууну активдештирүүгө даяр экенин баса белгиледи.

ИСЕСКОнун башкы катчысы өз кезегинде Кыргызстандын билим берүүнү модернизациялоого болгон умтулуусун жогору баалап, уюм Кыргызстан менен мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы маданий алмашууну бекемдөө үчүн кызматташууну кеңейтүүгө даяр экенин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий