• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

"Көлбаев менен байланышы болгон эмес". Орунбеков Акылбек Жапаровдун тойдогу видеосу боюнча түшүндүрмө берди

Өкмөт 0

Бишкек, 09.11.23. /Кабар/. Интернет желесинде министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун "мыйзамдагы ууру" аталган Камчы Асанбектин (Көлбаев) апасы Мая Алиеванын 70 жылдык тоюна барган видеосу тарады. Буга байланыштуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков түшүндүрмө берип, видео эски экендигин билдирди.

"Интернет колдонуучулар тойго катышкан себебин жана алар менен кандай байланышы бар экенине кызыгышууда.

Мая Алиева менен Акылбек Жапаровдун агасы студент кезинде окуу жайда чогуу окушкан экен. Ошондон улам тааныштык байланышы болгон. Мындан тышкары, тойго катышкан себеби, кошунасы катары чакырылыптыр. Ал эми Мая Алиеванын уулу Көлбаев менен эч кандай байланышы, иши дагы болгон эмес экенин маалымдайбыз", - деди Орунбеков.

Пикир

Оставить комментарий