Төрөбаев түркиялык курулуш компаниясынын өкүлдөрү менен кызматташтыкты талкуулады

Өкмөт 0

Бишкек, 02.11.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев түрктялык T&T Airports курулуш компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда курулуш жана авиация тармагындагы кызматташуу, ошондой эле социалдык объектилерди жана жол инфраструктурасын куруу долбоорлорун ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Төрөбаев инвестициялык долбоорлорду өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү Кыргызстандын президенти тарабынан министрлер кабинетинин ишинин артыкчылыктуу багыттарынын бири катары белгиленгендигине токтолду.

Бакыт Төрөбаевдин айтымында, өлкөнүн түз инвестициялардын агымын стимулдаштырууга багытталган мыйзамдарына маанилүү өзгөртүүлөр киргизилген.

Жолугушуунун жыйынтыгында "түз байланыштарды" жайгаруу зарылдыгы белгиленди, буга байланыштуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн жана Т&T Airports компаниясынын менеджментинен келечектүү долбоорлорду, анын ичинде аталган жолугушуу алкагында жарыяланган долбоорлорду тыкыр изилдөө жана талкуулоо үчүн жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий