• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандын ар бир облус жана райондорунда ипотекалык үйлөр курулат (видео)

Коом 0


Бишкек, 02.11.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында мамлекеттик ипотекалык программанын алкагында көп кабаттуу турак жайдын курулушу башталды. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын сатуу бөлүмүнүн башчысы Таалай Оморов “Кабар” агенттигине курган маегинде билдирди.

Ал мындан тышкары ипотекалык үйлөр республиканын бардык аймактарында салынарын, учурда жергиликтүү администрация органдары менен жер маселесин сүйлөшүү жүрүп жатканын айтты.

Ошондой эле Тилек Оморов Бишкекте ипотекалык шартта салынып жаткан “Мурас” комплексинде курулуш иштери уланып жатканын белгиледи.

“Бишкек шаарында курулуп жаткан “Мурас” комплексинин биринчи этабы республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды. Ал жерге жалпы 39 көп кабаттуу үй түшөт. Ал эми Сауд өнүктүрүү фондунан насыя түрүндө 100 млн доллар каражат алынган. Ал каражат курулуштун кийинки этабына багытталат”, – деди Оморов.

Бөлүм башчысы учурда ипотекалык негизде турак жай курганга жеткиликтүү каржылоо булактар бар экени белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий