• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Эдил Байсалов Тажикстандын вице-премьер-министри Зиезода Сулаймон Ризои менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 09.09.2024 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов башында турган Кыргызстандын делегациясы тажик тараптын чакыруусу боюнча Тажикстан Худжанд шаарына Тажикстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата өтүүчү салтанаттуу иш-чараларга катышуу үчүн барды.

Жумушчу сапарынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Тажикстандын вице-премьер-министри Зиезода Сулаймон Ризои менен жолугушту.

Минкаб башчысынын орун басары Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун атынан Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго салам жана куттуктоо сөздөрүн жеткирип, тажик мамлекетине жана элине бакубатчылык, тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Эдил Байсалов Зиезода Сулаймон Ризоини жана тажик элин Тажикстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

Тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда, эки тараптуу жана көп тараптуу форматтарда түрдүү тармактарда өз ара аракеттенүү маселелерин карашты.

Тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн аякташы менен эки өлкөнүн ортосундагы өз ара аракеттенүү бардык багытта өнүгөт деген ишенимин билдиришти.

Эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын орун басарлары эки эл байыртадан бери ынтымакта жашап келгенин белгилешип, Кыргызстан менен Тажикстандын кызматташтыгы мындан ары да кыргыз-тажик элдеринин көп кылымдык достугунун негизинде өнүгө берерине тилектештигин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий