• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Боронов: Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү иштери аягына чыгарылат

Өкмөт 0

Бишкек, 17.06.20. /Кабар/. Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү иштери аягына чыгарылат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын премьер-министринин милдетин аткаруучу Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жалпы жыйынында айтты.

Ал Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык 2020-жыл Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялангандыгын эске салды.

«Жашоонун бул чөйрөлөрү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттары болуп саналат. Бул багытта жүргүзүлгөн иштер улантылат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» Программасына аймактарды кризистен кийинки абалдан алып чыгарууга, региондордо экономикалык жигердүүлүктүн деңгээлин жогорулатууга жана эпидемиянын финансылык жана экономикалык кесепеттерине каршы турууга багытталган кошумча чаралар иштелип чыгат», - деп белгиледи ал.

Кубатбек Боронов кошумчалагандай, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан өлкөнү санариптештирүүнүн алкагында орчундуу иштер жасалды жана улантылууда.

«Биз «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи баскычын ишке ашырып, бүт өлкөнү Интернетке кошуп жана сапаттуу электрондук мамлекеттик кызмат көрсөтүү процессин ишке киргизе алдык. Мамлекеттин бардык ресурстары жана мүмкүндүктөрү экономикалык жана социалдык маселелерди чечүүгө багытталат. Башталган системалуу өзгөртүүлөр улантылат», – деп жыйынтыктады премьер-министрдин милдетин аткаруучу.

Пикир

Оставить комментарий