• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

ЕЭК Кеңеши күн тартибиндеги 40ка жакын маселени карап, бир катар чечимдерди кабыл алды

Экономика 0

Бишкек, 26.09.24. /Кабар/. Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин кезектеги жыйынына видеоконференция байланышы аркылуу катышты.

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинин отурумунун жүрүшүндө күн тартибинде 40ка жакын маселе каралып, анын жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынды.

Жыйындын жыйынтыгында сыра жана ичимдиктер жана биологиялык активдүү тамак-аш кошулмаларынан жасалган суусундуктарга идентификациялык маркировкалоону киргизүү чечими кабыл алынды.

Кеңештин мүчөлөрү тобокелдик профилдери колдонулган товарларды бажылык декларациялоо практикасына мониторинг жүргүзүү жана салыкты көп талап кылган товарларды бажылык декларациялоонун мониторинги боюнча отчетторун укту жана талкуулашты.

Комиссиянын Кеңеши электрондук коммерциялык товарларды идентификациялоонун тартиби жөнүндө чечим кабыл алды, ага карата аларды сатып алгандан кийин кайтарып берүү мүмкүнчүлүгү каралган, аны жөнгө салуунун максаты электрондук соода товарларын идентификациялоонун тартибин аныктоо болуп саналат. Эгерде электрондук соодада сатылып, мындай товарларды кайтарып берүү мүмкүнчүлүгү бар болсо аларды сатып алгандан кийин электрондук коммерциялык оператордун кампасына кайтаруу мүмкүнчүлүгү каралды.

Ошондой эле, электрондук коммерциянын оператору катары бажы иши чөйрөсүндөгү ишти жүзөгө ашырууга кайрылган юридикалык жактын милдеттерин аткарууну камсыз кылууну кеминде 500 миң евро эквиваленттүү өлчөмдө камсыз кылууну караган Кеңештин чечими бекитилди.

Отурумдун жүрүшүндө Кеңештин мүчөлөрү мүлктү баалоо кызматтары чөйрөсүндө административдик кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактырышты жана ага кол коюу үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү үчүн тараптарга жөнөтүштү.

Ошондой эле 2025-жылга ЕАЭБ интеграцияланган маалыматтык системасын түзүү, иштетүү жана өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы бекитилди, анда интеграцияланган системаны жалпы системалык долбоорлоо, Интеграцияланган система боюнча Комиссиянын интеграциялык сегментин модернизациялоо жана өнүктүрүү, Биримдиктин санариптик күн тартибин ишке ашыруунун негизги багыттары ж.б. камтылган.

ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү 2014-жылдын 29-майындагы ЕАЭБ жөнүндө Келишимдин XX бөлүмүндө каралган энергетика тармагындагы өз милдеттенмелерин мүчө мамлекеттердин аткаруусуна мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматты угушту жана ЕЭК Коллегиясына ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин энергетика тармагындагы милдеттенмелерин аткаруусуна мониторинг жүргүзүү жөнүндө ишти улантууну тапшырышты.

Мындан тышкары, Кеңештин мүчөлөрү Евразия экономикалык биримдигинин товарларынын жалпы алмашуу рыногун түзүү боюнча Концепциясынын долбоорун талкуулашты.

ЕЭК Кеңеши ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 1-октябрында Ереван шаарында (Армения Республикасы) өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги отурумунун күн тартибин бекитти.

Пикир

Оставить комментарий