• 88.68
  • 95
  • 0.95

ЕЭК коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович Бишкекке иш сапар менен келди

ЕАЭБ 0

Бишкек, 16.12.21. /Кабар/. Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК ) коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович Бишкекке иш сапар менен келди. Бул тууралуу коллегиянын расмий сайтында айтылат.

Маалыматка ылайык, иш сапар 15-17-декабрь күндөрү болуп, ал 2022-жылы Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдиктин органдарына төрагалык кылуунун алкагында уюштурулган.

Михаил Мясникович иш сапарынын алкагында КР президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арызбек Кожошев менен жолугушууларды өткөрөт.

Ошондой эле Экономика жана коммерция жана Тышкы иштер министрлигинин жетекчилери менен, андан тышкары, Кыргызстандын бизнес-коомчулук өкүлдөрү менен жолугушат.

Пикир

Оставить комментарий