• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Казакстанда кармалып калган фура, контейнерлер. Бажы кызматы маселени жаңы жылга чейин чечип берүүгө даяр

Коом 0

Бишкек, 16.12.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков Казакстанда кармалып калган унаа, контейлерлер боюнча маалымат берип өттү.

Анын айтымында, ЖМКларда жана Жогорку Кеңеште Казакстанда 900дөй контейнер кармалып калганы тууралуу маселе көтөрүлгөн.

“Казакстандын бул багытта бизге жардам берүүгө каалоосу бар. Биз дагы ал жакта канча контейнер бар экендиги тууралуу изилдөө жүргүзүп жатабыз. Алдын ала маалымат даяр. Казакстанда автоунаа же темир жол боюнча барып кармалып калгандар болсо бизге кат түрүндө кайрылып, ошондой эле биздин мекемеге келиңиздер. Жаңы жылга чейин Казакстанда унаалары кармалып калгандардын баарына жардам берүүгө даярбыз”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий