• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандын аскер прокурору россиялык кесиптеши менен тажрыйба алуу маселесин талкуулады

Коом 0

Бишкек, 31.05.22. /Кабар/. Бишкек шаарында КР Аскер прокуратурасы тарабынан Россиянын башкы прокурорунун орун басары – башкы аскер прокурору В. Петров жетектеген расмий делегациясы кабыл алынды. Бул тууралуу Башкы прокутуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш сапарынын алкагында Кыргызстандын6 башкы прокурорунун орун басары – аскер прокурору С. Мукашов жана анын кесиптеши Россиянын башкы прокурорунун орун басары – башкы аскер прокурору В. Петров Куралдуу Күчтөрүндө мыйзамдуулукту жана укук тартибин камсыздоого байланыштуу өз ара тажрыйба алмашууну, аскердик мүлктөргө жана бюджеттик каражаттарга болгон коррупциялык аракеттердин алдын алуусун, аскердик чөйрөдөгү коррупциялык кылмыштарды иликтөөдө пайда болуп жаткан көйгөйлөрдү, аскердик кылмыштардын алдын алуусун камсыз кылуу маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары, В. Петров СССРдин Баатыры, генерал-лейтенант К. Үсөнбеков атындагы КРнын Куралдуу Күчтөрүнүн Аскердик институтунда, КРнын коргоо министри Б. Бекболотов жана генерал-лейтенант К. Үсөнбековдун жакындары менен биргеликте, К.Үсөнбековдун эстелигине гүл коюшуп, аларга К. Үсөнбековдун өздүк ишинин архивдик көчүрмөлөрүн тапшырды.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстандын жана Россиянын Аскер прокуратуралары өз ара кызматташууну мындан ары кеңейтүү боюнча биргелешкен аракеттерди улантууга даяр экендиктерин ырасташты.

Пикир

Оставить комментарий