• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында балдарга майрамдык маанай тартууланды

Аймак 0

Бишкек, 31.05.22. /Кабар/. 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдарына, ата-энесинен ажыраган 300 балага “Жеңиш” жана “Токтогул” эс алуу багындагы аттракциондордо акысыз оюн-зоок уюштурулуп, балмуздактар таратылды.

Шаардык мэриянын басма сөз кызматынан бидиришкендей, ошондой эле ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, оор дартка чалдыккан 597 балага 500 сомдон акча каражаты берилди.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында эртең, 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата шаар бийлиги тарабынан иш-чаралар уюштурулуп, балдарга майрамдык маанай тартууланат.

Пикир

Оставить комментарий