• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкекте аскердик-прикладдык спорт боюнча спартакиада өттү - сүрөт

Спорт 0

Бишкек, 31.05.22 /Кабар/. Кечээ, 30-майда Коргоо министрлигинде жаш муунду аскердик-патриоттуулукка, Мекенди коргоого тарбиялоо жана Мекен коргоочу кесибинин кадыр-баркын жогорулатуу максатында республикалык спорттун аскердик-прикладдык түрү боюнча спартакиадасы болуп өттү.

Ведомстводон билдиргендей, спартакиаданы Коргоо министрлиги Билим берүү жана илим министрлиги менен биргелешип уюштуруп, ага өлкөнүн бардык аймактарынан келген орто мектептердин жана гимназиялардын окуучулары катышты.

Мелдеште окуучулар 100 жана 1000 метр аралыкка чуркоо, автоматты чачуу жана жыйноо, Ф-1 гранатасын 30 метр аралыкка ыргытуу, пневматикалык винтовкадан ок атуу боюнча таймашты.

Беттеште баш байгени Бишкек шаарынын №84 орто мектеби багындырды.

Катышкан бардык мектептерге “Байкал” пневматикалык винтовкасы жана жеңүүчүлөргө грамота жана дипломдор тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий