• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

“Эфлатун”, “49”, “Хасандын ишенимдүүлүгү”. Бишкекте түрк кино жумалыгы ачылды

Маданият 0

Бишкек, 19.11.23./Кабар/. Бишкектеги Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган Бишкек эл аралык кино фестивалынын алкагында түрк кино жумалыгы ачылды.

Салтанаттын ачылышына маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев, фестивалдын калыстар тобунун төрагасы Семих Капланоглу, Түркиянын маданият жана туризм министринин орун басары Сердар Чам, ардактуу конок түркиялык белгилүү актриса Түркан Шорай болду.

Иш-чаранын алкагында Чыңгыз Айтматовдун “Делбирим” повести боюнча 1977-жылы Түркияда тартылган “Кызыл жоолук жалжалым” (“Селви бойлум ал язмалым”) тасмасында башкы каармандын ролун аткарган актриса Түркан Шорай менен Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылык жолугушуусу тууралуу тасма катышуучуларга көрсөтүлдү.

Андан соң, министрдин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиевге сөз берилип, ал өз сөзүндө Бишкек кино фестивалдын алкагында өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын маанилүү бөлүгүнүн бири катары, конок өлкө катары чакырылган Түркия кино жумалыгы түзө турганын белгилеп, жумалыкта түрк тасмалары кыргыз көрөрмандары тартууланып, боордош элдин тарыхын жана маданиятын жакындан таанууга мүмкүнчүлүк берет деп белгиледи.

Ошондой эле ал аталган кино жумалык эки өлкөнүн кино өкүлдөрүнүн кызматташуусун арттырып, орток долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөргө чоң аянтча болот деп билдирди. Тимурлан Ажымалиев Түрк кино жумалыгын өткөрүүдө Түркиянын Маданият жана туризм министрлигине, жумалыкты өткөрүүгө тиешеси бар бардык тараптарга жана Кыргыз-Түрк "Манас" университетине ыраазычылык билдирди.

Жумалыктын ачылышы Түркия Республикасы жарыялануусунан бир күн мурун Анкарадагы Чанкая сарайында болгон окуялар чагылдырылган “Акыркы кечки тамак” тасмасы тасманын продюсери Ахмет Селим Тунжер жана бала актриса Азра Аксунун катышуусу менен коштолду.

Белгилей кетсек, түрк кино жумалыгында Түркиянын белгилүү тасмалары менен кошо кино сүйүүчүлөр жактырган популярдуу тасмалар көрсөтүлөт.

Иш-чаранын алкагында “Акыркы кечки тамак”, "Хасандын ишенимдүүлүгү”, “Эфлатун”, “Буудайдын бир даны”, “49”, “Бир чымчым каранфил” жана “Рафадан Тайфа – Галактика тобу” тасмалары акысыз көрсөтүлүп, ар бир тасма көрсөтүлгөндөн кийин актёр/актрисалар, режиссер жана продюсерлер менен көрүүчүлөрдүн жолугушуулары жана маектер өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий