Эгемберди Бекболиев Кыргыз драма театрынын көркөм жетекчиси болуп дайындалды

Маданият 0

Бишкек, 27.06.24. /Кабар/. Эгемберди Бекболиев Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын көркөм жетекчиси кызмат ордуна эмгек келишимдин негизинде дайындалды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Эгемберди Бекболиевди театрдын жамаатына маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев тааныштырып, чыгармачык бийик дараметти жана калыстыкты талап кылган бул кызматтагы ишине ийгилик каалады.

Эгемберди Бекболиев 1955-жылы 20-майда, Чүй облусунун, Панфилов районуна караштуу Букара айылында туулган.

1989-1994-жылдары Бүбүсара Бейшеналиева атындагы кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство институту – театр жана кино артисти адистигин бүтүргөн.

1976-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында артист, сахнанын жетектөөчү мастери болуп эмгектенип келген.

Эгемберди Бекболиев Кыргыз Республикасынын Эл артисти.

Пикир

Оставить комментарий