• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Эгемендүүлүккө 30 жыл. Бир катар президенттер Жапаровду жана кыргыз элин куттукташты

Президент 0

Бишкек, 31.08.21./Кабар/. Бир катар президенттер Садыр Жапаровду жана кыргыз элин куттукташты, - деп билдирет президенттин маалымат кызматы.

Казакстан Республикасынын пезиденти Касым-Жомарт Токаевдин куттуктоосунда мындай деп айтылат: «Бардык казакстандыктардын жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди жана жалпы кыргыз элин Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен чын дилимден куттуктайм.

Эгемендүү Кыргызстандын тарыхындагы маанилүү бул дата улуттун биримдигин, туруктуулугун жана жаратмандык рухун чагылдырат, мамлекеттүүлүктү андан ары бекемдөө, кыргыз мамлекетинин узак мөөнөттүү жана туруктуу өнүгүүсү үчүн зор мааниге ээ.

Бул жылдар аралыгында Сиздин өлкө саясий жана социалдык-экономикалык модернизациялоодо, жарандардын бакубаттыгын камсыздоодо жана эл аралык коомчулукта өзүнүн кадыр-баркын жогорулатууда олуттуу ийгиликтерге жетишти.

Бир тууган элдерибиздин түпкү кызыкчылыктарын, кылымдык достуктун жана ынак коңшулуктун салттарын карманып, Казакстан менен Кыргызстан көз карандысыздыктын алгачкы күндөрүнөн бери кол кармашып, ар дайым бекем колдоо көрсөтүп, бири-биринин жетишкендиктерине чын дилинен кубанышат.

Биргелешкен аракеттерибиз менен казак-кыргыз стратегиялык өнөктөштүгү жана союздаштыгы үчүн жаңы багыттарды ачып, көп кырдуу кызматташтыгыбыздын динамикалуу өнүгүшүнө сапаттуу түрткү бере аларыбызга ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровго жооптуу мамлекеттик ишинде чоң ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиеевдин куттуктоосу:

«Сизди жана Сиздин өлкөнүн боордош элин олуттуу дата – Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен куттуктоо жана эң жылуу каалоолорумду жолдоо мага чоң ырахат тартуулайт.

Элдин бакубаттуулугун жогорулатуу боюнча чоң кадамдар өзгөчө көңүл бөлүүгө татыйт. Алар Сиздин өлкөдөгү бүгүнкү саясий жана социалдык-экономикалык реформалардын натыйжасында мүмкүн болду.

Кылымдар бою боордош элдерибиз тарабынан аяр сакталып келген биздин жакын достугубуз жана коңшулаш ынактыгыбыз, ошондой эле көп кырдуу жана узак мөөнөттүү стратегиялык өнөктөштүк байланышыбыз биздин биргелешкен аркеттерибиздин аркасында акыркы жылдары интенсивдүү өнүгүп жатканын өзгөчө белгилегим келет.

Үстүбүздөгү жылдын мартында чын ыкыластык жана конструктивдүүлүк духунда, биздин жемиштүү сүйлөшүүлөрүбүздүн жүрүшүндө жетишилген бардык макулдашуулар жана биргелешкен долбоорлорду толук реализациялоо биздин элдерибиздин гүлдөп өнүгүүсүнө кызмат кылат деп ишенем», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Шавкат Мирзиеев Садыр Жапаровго узак өмүр, бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүнө албан ийгилик, ал эми кыргыз элине – туруктуу тынчтык, бакубаттуулук жана прогресс каалады.

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун куттуктоосу:

«Түркмөнстандын элинин жана Өкмөтүнүн атынан, ошондой эле жеке өзүмдүн атымдан Сизге жана боордош Кыргызстан элине өлкөнүн көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду жана эң жакшы каалоолорумду билдиремин. Эгемендүүлүк жылдарында Кыргызстан мамлекеттүүлүгүн бекемдеп, элдин жыргалчылыгын жакшыртууда жана өлкөнүн эл аралык аренада кадыр-баркын жогорулатууда олуттуу ийгиликтерге жетишти. Түркмөнстан менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы жылдар бою уланып келген достук, бир туугандык жана ынак коңшулуктун, өз ара урматтоо менен түшүнүшүүнүн принциптерине ылайык динамикалуу өнүгүп, учурда жаңы мазмунга ээ болду. Сиздин үстүбүздөгү жылдын июнь айындагы Түркмөнстанга расмий сапарыңыз эки эл ортосундагы достук байланыштарды чыңдоого, түрдүү тармактардагы кызматташтыкты тереңдетүүгө карай маанилүү кадам болуп калды», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Мындан сырткары, Гурбангулы Бердымухамедов Борбор Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусунун алкагында «Аваза» улуттук туристтик аймагындагы Садыр Жапаров менен болгон жолугушууну жылуу эскерерин белгилейт.

Ошондо ачык жана ишенимдүү сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө түркмөн-кыргыз достугун жана кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө болгон эки тараптын каалоосу жана ага даяр экендиги дагы бир жолу тастыкталган. Ал биргелешкен аракеттер менен эки элдин ортосунда түзүлгөн мамиле мындан ары да эки элдин жыргалчылыгы үчүн чыңдала берерине бекем ишенет.

Түркмөнстан Президенти Садыр Жапаровго бекем ден соолук, бакыт, бакубатчылык жана тынчтыкты, боордош Кыргызстан элине мындан ары алга карай өнүгүп, гүлдөп-өсүүнү каалады.

Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмондун куттуктоосу:

«Айрыкча маанилүү окуя — Кыргыз Республикасынын отуз жылдыгына байланыштуу менин жылуу куттуктоомду жана ак дилден каалоолорумду кабыл алыңыз. Кыргызстан биздин жакынкы кошунабыз жана биз көп кылымдык достук салттарыбыз менен ынак коңшулаштыгыбызды баалайбыз.

Биз эки өлкөнүн улуттук эгемендүүлүгүнүн биринчи күндөрүнөн тартып бул даңктуу салттарыбызды көбөйтүүгө жана бир бирин урматтоо жана эки тараптын улуттук кызыкчылыктарын эске алуу менен тажик-кыргыз конструктивдүү кызматташтыгынын бүтүндөй комплексин бекемдөөгө кыйшайуусуз умтулуп келебиз.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, бул процессти күчөтүү боюнча мындан аркы биргелешкен аракеттерибизге жана элдерибиздин бакубаттулугу үчүн Тажикстан менен Кыргызстандын мамилесин өнүгүүнүн сапаттуу жаңы деңгээлине чыгарарыбызга үмүт артам», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий