• 87
  • 90.41
  • 0.84

Екатеринбургда кыргызстандыктар арасында спорттук мелдеш өттү

Коом 0

Бишкек, 06.09.22. /Кабар/. Россиянын Екатеринбург шаарында Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата мекендештердин спорттук командаларынын катышуусунда футбол жана волейбол оюндары боюнча мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мелдешке тайпаларга бөлүнгөн футбол боюнча 15 команда, волейбол боюнча 11 эркектердин жана 4 кыз-келиндердин командалары катышты.

Мелдеш Екатеринбург шаарындагы КР Башкы консулдугу, Свердлов облустук «Кыргызстан-Урал» жана Бүткүл россиялык «Кыргыз конгресси» аймактык коомдук уюмдары менен биргеликте уюштурулду.

Башкы консул Руслан Бийбосунов мелдештердин катышуучуларын жана иш-чаранын конокторун Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, спорттук командаларга калыс жана атаандаштыкты каалап, эки турнирдин биргелешип уюштуруучуларына ыраазычылык билдирди.

Оюндардын ачылыш аземинде аксакалдар, Свердлов облусундагы кыргыз диаспора уюмдарынын жетекчилери жана активисттери да куттуктоо сөздөрүн айтып, атамекенге арналган ырларын окуп беришти.

Турнирлердин жеңүүчүлөрү Башкы консулдуктун дипломдору, медалдары жана кубоктору менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий