• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Март айында кыргызстандыктар төрт күн катары менен эс алат

Коом 0

Бишкек, 01.03.23. /Кабар/. Кыргызстандыктар 2023-жылдын өндүрүш календарына ылайык март айында бир нече күн эс алышат.

Ошентип, 8-март - Аялдардын эл аралык күнү жумуш эмес күн болуп, 7-март майрам алдындагы күн кыскартылат.

Ошондой эле март айында жарандар 4 күн катары менен эс алышат: 18 жана 19-март – ишемби жана жекшемби, 20-март дем алыш күн болуп, ал үчүн кыргызстандыктар 29-апрель ишемби күнү иштейт; 21-март - Нооруз майрамы, бул күн да эс алуу күнү болот.

Бирок бул айда жарандар эки ишемби – 11 жана 25-мартта 5 жана 6-январдагы дем алыш күндөрүнүн ордуна иштешет.

Пикир

Оставить комментарий