Быйыл эгемендүүлүктүн башаты болгон Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы белгиленүүдө. Маанилүү тарыхый датага карата президент Садыр Жапаров “Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаев жөнүндө” жарлыкка кол койду.
Белгилегендей, адамзаттын тарыхында мамлекеттин түптөөчүлөрүн “аталар” деп атоо салты бар жана бул салт байыркы мезгилден бери келе жатат. Жарлыктын маани-маңызы, идеясы “Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар” деген наамды ыйгаруу менен аталардын мекен алдында өтөгөн эмгегин бүгүнкү күндө даңазалоо экендиги баарыбызга маалым. Анткени ушул адамдар кыргыз эли, тили, маданияты жана тарыхы менен өз мамлекетин Борбордук Азиянын башка элдери менен катар түзүүгө толук укуктуу экендигин далилдеп, керек болсо өмүрлөрүн тобокелчиликке салып мамлекетти түптөбөгөндө бүгүнкү эгемендүү мамлекетибиздин болушу да күмөн эле.
Кара-Кыргыз автономиялуу облусту түптөөдө “аталарыбыздын” эбегейсиз эмгеги, өз алдынча мамлекет түзүү багытындагы ишмердүүлүгү тууралуу тарыхчы, тарых илимдеринин доктору, профессор Зайнидин Курманов, окумуштуу, саясий илимдеринин доктору, тарых илимдеринин кандидаты Бактыкан Төрөгелдиева өз ойлорун ортого салышты.
— Зайнидин Карпекович, “Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар жөнүндө” жарлыктын бүгүнкү күндөгү мааниси кандай?
— Ар бир мамлекеттин өз аталары бар, мисалы Францияны түптөгөн Людовик XIV, Монгол империясыныкы Чыңгыз хан, АКШны негиздеген 7 атасы жана башкалар бар. Эмнеге биздин аталар жок, анткени куугунтукка кабылган кыргыз интеллигенттери болгон аталарыбыз Совет бийлиги тарабынан эл душманы, улутчул катары 1938-жылы атылып кеткени анык. Атууга кетпеген кыргыздын биринчи жетекчиси Исхак Раззаков эле болгон. Иманалы Айдарбеков менен Абдыкадыр Орозбековдун ысымдары толугу менен 1956-жылы реабилитацияланып, 1956-жылы 21-майда партия тарабынан акталган. Ал эми Абдыкерим Сыдыков менен Ишеналы Арабаев 1956-жылы реабилитацияланганы менен Советтик бийлик аларды партиянын катарына кошуп актаган эмес. Алар партиянын катарында эл душманы болуп бүгүнкү күнгө чейин кала беришкен. Бул аталарыбызды президент Садыр Жапаров өз жарлыгы менен реабилитациялады.
— Бактыкан Макишовна, “Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар жөнүндө” жарлыкка кол коюшуна карата көз карашыңыз?
— “Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар жөнүндө” жарлык стратегиялык чоң мааниге ээ. ХХ кылымда кыргыздардын жаңы мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралышы өз өмүрүн тобокелге салып, кыргыз элинин өз мамлекеттүүлүгүнө ээ болуу укугун далилдей алган бул улуу инсандардын эмгеги. Менин оюмча, бул улуу инсандарды улуттун лидерлери деп дагы атоого болот. Анткени, бул дүйнөлүк заманбап түшүнүктөргө дал келет.
“Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаев жөнүндө” жарлыктын идеясы репрессия жана тоталитардык мамлекеттин диктаты учурунда кыйынчылыктар жана бүтүндөй бир муунду жоготуу менен кыргыз эли өз мамлекеттүүлүгүнө ээ болгондугун баалоо. Эгемендүү Кыргызстан гана кыргыз элинин сакталып калуусуна жана өнүгүүсүнө мүмкүнчүлүк берерин баалашыбыз керек.
— Зайнидин Карпекович, 1920-жылдан кийинки тарыхый окуялар тууралуу айтып берсеңиз, Тоолуу Кыргыз облусун түзүү идеясы эмне себептен ишке ашпай калган?
— 1918-жылы мурдагы Түркстан генерал-губернаторлугу Түркстан автономиялуу советтик социалисттик республикасы түзүлгөн. Түркстан АССРдин партиялык жана советтик уюмдарында Орто Азиянын улуттук-аймактык бөлүштүрүшү маселеси 1920-жылдан тарта көтөрүлө баштаган. Советтик Россиянын башчысы Владимир Лениндин сунушу менен 1920-жылы августта Кыргыз (бүгүнкү Казакстан) АССРи түптөлөт. Владимир Лениндин Түркстандын коммунистерине жолдогон катында жакында Орто Азияда улуттарды бөлүштүрүп, Кыргыз АССРи (Казакстан), Өзбекстан жана Түркмөнстан республикасын түзөбүз деп жазылат.
Ошол кезде Абдыкерим Сыдыков Алматыда Советтердин Жети-Суу облустук аткаруу комитетинин төрагасы болуп турган. Казактар бардыгы Оренбургга кетип калышкан, Верныйда жалаң гана кыргыздар калган. Абдыкерим Сыдыков кыргыздар бийликте турганынан пайдаланып, активдүү ишмердүүлүк жүргүзө баштайт. Жети-Суу облусунун, Түркстан жетекчилиги, партия, кеңештер менен сүйлөшүп, Тоолуу Кыргыз облусун түзүүгө макулдук алат. Казактардын мамлекети бар, өзбектерге, түркмөндөргө да мамлекет түзүүгө сөз берилген, эмне үчүн эң байыркы, улуу тарыхы бар кыргыз элине мамлекет түзүүгө уруксат берилбейт деген суроо жаралган. Казактар ошол убакта кыргыздарга карата силердин мүмкүнчүлүгүңөр жок, больщевиктердин каалоосу жок болсо силерди өзүнчө автоном облус катары бөлбөйт деген ойлорун айтышкан. Кыргыздарды Казакстандын курамына кирип, өзүнчө облус болуп түзүлгүлө деген сунуш беришкен. Ошондо Абдыкерим Сыдыков бул сунушка каршылыгын билдирип, казактар, өзбектер менен бир Түркстан АССРинин курамында биригүүгө макул экендигин, бирок “кичүү ини” катарында казактарга кошулбайбыз, биз тең укуктуу өнөктөш гана боло алабыз деген жообун берген.
Бир пикирге келе алышпай, кыргыздар өзүнчө Түркстан АССРинин курамында Тоолуу Кыргыз облусун түзөбүз деп башташат. Анткени кыргыз менен казак бул таптакыр эки башка эл, кыргыз байыркы эл, б.з.ч II кылымда эле кытайлар менен согушуп келген. Бул мезгилде казактар да, өзбектер да болгон эмес. 1922-жылы 4-июнда Пишпекте Тоолуу Облустун биринчи кеңешинин курултайы өтүп, ага Кыргызстанда жашаган 12 улуттун 425 өкүлү катышат. Съездди уюштуруу комитетинин төрагасы Абдыкерим Сыдыков ачып, курултайдын Кыргызстандын тагдыры үчүн мааниси чоң экенин белгилеген. Съездде декларация кабыл алынып жарыяланган, чечимди орустар, татарлар, өзбектер бардыгы колдошкон. Чынында эле бул съездди кыргыз мамлекетин кайра калыбына келтирүүнүн башаты десек болот.
Бирок Рахманкул Кудайкуловдун тобу Россия Федеративдик Социалисттик Республикасынын (РСФСР) улуттар боюнча элдик комиссары Иосиф Сталинге "Сыдыков менен Айдарбеков манаптын балдары, экөө биргелешип Кыргызстанда бийликти алууга умтуулуда" деп жазат. Бул маалыматтан соң комиссия түзүп, текшерүү жөнөтүлөт. Ошентип Тоолу Кыргыз облусунун түзүлүүсү дагы эки жылга созулат. Бул кыймылды башчысынан ажыратуу максатында Абдыкерим Сыдыковду төрага кызматынан алып, Ташкентке сүргүнгө жөнөтөт. Андан кийинки чоң кызматтарга дайындалса да көпкө кармалбай кызматтан алынып турган. Ошентип 1920-жылдардын башынан тартып, кыргыздын чыгаан ишмерлеринин тобу советтик түзүмдөрдүн алкагында кыргыздарга өз алдынчалыгын берүү боюнча иштерди жүргүзүп келишкен.
Түркстан АССРинин курамында Тоолуу Кыргыз облусун түзүү идеясы ишке ашпай калса да, 1924-жылдагы Кара-Кыргыз автономиялуу облусун түзүүнүн башаты болгон. Съездин демилгечилери жана ушул демилгени колдогондордун баары акыры жазаланат. Өз алдынча кыргыз мамлекетин түзөм дегендердин баары биринчи кызматтан алынып, кийинчерээк камалып, сүргүнгө айдалып, акыры атууга кетишти.
— Бактыкан Макишовна, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшүнүн тарыхтагы орду кандай болгон?
— Орто Азияда жаңы мамлекеттик бирикмелер түзүлүп жаткан мезгилде саясий күрөш өтө курч мүнөздө болгон. Орто Азиянын улуттук-аймактык бөлүнүшү деп аталган учурда бардык улуттар калыптанган эмес, айрымдары жасалма жол менен калыптанууга туура келген. Экономикалык жана саясий факторлор эске алынып, Орто Азиянын административдик-аймактык бөлүнүшүнүн жүрүшүндө 1924-жылы төмөнкү мамлекеттик бирдиктер түзүлгөн: Түркмөн ССРи, Өзбек ССРи, Кыргыз АССРи (Казак АССРи), РСФСРдин курамындагы Кара-Кыргыз автономиялуу облусу, Өзбек ССРинин курамындагы Тажик АССРи. Кыргыз лидерлеринин көрөгөчтүгү, акылмандыгы жана саясий эрки менен РСФСРдин курамында Кара-Кыргыз автономиялуу облусун түзүү чечими кабыл алынды. Бул стратегиялык чечим кыргыз элинин өнүгүү багытын аныктап, 1926-жылы Кыргыз АССРин, 1936-жылы Кыргыз ССРинин түптөлүшүнө өбөлгө түзгөн жана азыркы эгемендүү Кыргыз Республикасынын пайдубалы болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын президентинин бул жарлыгы элдин тарыхый өнүгүүсүн аныктаган саясий элитанын жана лидерлердин ролун жана ордун изилдөөгө, түшүнүгө жаңы дем берет. Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшүнүн 100 жылдыгын майрамдоо катары эмес, аталарыбыздын ишмердүүлүгүн баалоо, үлгү алуу жана жаштарды патриоттук духта тарбиялоо максатында материалдарды даярдап, окуу жайларда дарстарды окутуу, илимий конференцияларды уюштуруу колдоого алынарлык.
Кыргызстанда 2017-жылдан бери 7-8-ноябрды - Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү деп белгилеп келишкен болсо, 2024-жылы “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө” жарлыкка президент 2023-жылдын ноябрь айында кол койгон, бул дагы бир жолу өлкөбүздүн өнүгүшү, элибиздин жаркын келечеги үчүн ата-бабаларыбыздын эмгегин, басып өткөн жолун даңазалайт. Мисалы, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесине карата көптөгөн жаңы ишканаларды, өнөр жай объектилерин ачуу пландалып, символикалуу түрдө 100 жылдыкка 100 ири объектини ишке берүү мерчемделген.
Мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаралар менен катар Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар тууралуу ар бирибиз, өзгөчө жаш муундар сыймыктануу, таазим кылуу менен билиши керек. Анткени, Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов жана башка аталарыбыз өз өмүрлөрүн аябастан, азыркы эгемендүү мамлекетибиздин пайдубалын түптөшкөн. Бул улуу инсандардын эбегейсиз аракети, өзүнчө мамлекет түзөбүз деген көксөөсү болбогондо көз карандысыз өлкөбүз болот беле деген чоң суроо жаралат. Азыркы биздин милдет тарыхыбызды эстен чыгарбай, аталарыбыздын өмүрү менен бааланып келген эркиндигибизди, мекенибизди көздүн карегиндей сактоо менен кийинки муундарга татыктуу өткөрүп берүү. Жалпысынан, 1991-жылы Кыргызстан толук эгемендикке ээ болгонго чейинки ар бир доордогу мамлекеттик ишмер, аталарыбыздын эмгектери калыс жана татыктуу эскерилиши зарыл.
Пикир
Оставить комментарий