• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Эгемендүүлүккө ээ болгон 27 жылдын ичинде өлкөбүз көп өзгөрүүлөргө дуушар болду - Жумабеков

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 31.08.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнүнө карата куттуктады.

Урматтуу мекендештер!

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атынан көз карандысыздыктын 27 жылдыгы - Эгемендүүлүк күнүңүздөр менен чын дилимден куттуктайм.

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү – биздин өлкө үчүн өтө маанилүү майрам.

Мындан туура 27 жыл мурун 1991-жылдын 31-августунда Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин кезексиз жыйынында "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгы туурулуу декларация" кабыл алынган. Бул тарыхый документке ылайык биздин өлкө көз карандысыз, суверендүү, демократиялык өлкө деп жарыяланган.

Эгемендүүлүккө ээ болгон 27 жылдын ичинде өлкөбүз көп өзгөрүүлөргө дуушар болду. Бийлик алмашты, саясий система өзгөрдү. Бирок, биздин мекендештердин жаркын келечекке болгон ишеними жана Кыргызстанды өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошууга кылган далалаты өзгөргөн жок.

Артка кылчайып, тарых барактарына көз чаптыра турган болсок, кыргыз эли кылымдардын кыйырында кыйла жолду басып өтүп, көз карандысыздык үчүн болгон күрөштө тайманбастыгын көрсөткөн. Элибиз эзелтен эркиндикке умтулуп, акыйкаттыкты жана тартипти талап кылган.

Эгемендүү мамлекет катары калыптанууда Жогорку Кеңештин орду чоң. 2010-жылы өлкөбүз башкаруунун парламанттик формасына өтүү менен демократиялык мамлекет катары калыптанууда жаңыча кадам таштады. Жогорку Кеңеш ар дайым жарандык коом менен жакын алакада болуп, алардын үнүн угуп келет. Эл өкүлдөрүнүн ишмердүүлүгү ар качан ачык жана айкындуулук менен чагылдырылат. Айрыкча, Жогорку Кеңештин азыркы түзүмү да парламенттик демократиянын калыптануусу жана бекемделиши үчүн арбын күч жумшоодо.

Бүгүн бардык бийлик бутактары мыйзамдын үстөмдүгү орногон, күчтүү экономикага ээ гүлдөгөн мамлекет куруунун аракетинде. Албетте, биздин негизги милдетибиз ар бир маселени карап, ыкчамдуулук менен чечүү. Анткени, кыргызстандыктардын жаркын келечеги үчүн кам көрүү мекен алдындагы баарыбыздын милдетибиз.

Урматтуу Кыргызстандыктар!

Сиздерди дагы бир жолу эгемендүүлүктүн 27 жылдыгы менен куттуктайм. Кыргызстан – көп улуттар бир түндүк астында тынчтыкта, бейкуттука жашаган куттуу өлкө. Биздин өлкөнү жаркын келечек күтүп турганына ишенем жана биз аны өзүбүз курабыз. Андыктан, мекенибизди сүйөлү жана аны көздүн карегиндей сактайлы. Мамлекетибиз биз үчүн ыйык, атадан калган таберик экенин эстен чыгарбайлы. Мекен жүгүн көтөрүү ар бир азаматтын милдети. Биздин күчүбүз-биримдикте! Майрамыңыздар менен!

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков

Пикир

Оставить комментарий