Эгемендүүлүктүн 32 жылдыгынын алкагында Ошто "Түштүк базары" жарманкеси өттү

Аймак 0

Бишкек, 31.08.23./Кабар/. Эгемендүүлүктүн 32 жылдыгынын алкагында Ош шаарында "Түштүк базары" көргөзмө-сынак жарманкеси орун алды.

Ош шаардык мэриясынан кабарлашкандай, жарманке ар тармакты камтып, шаар тургундарын жана меймандарын кайдыгер калтырган жок.

Анда “Жергемдин жети керемети” фото көргөзмөсү орун алып, облус жана шаардын жеке тарыхын, тарыхый эстеликтерин, маданий жана социалдык өзгөчөлүгүн, кооз табиятын, социалдык, адеп-ахлактык темалары чагылдырылды.

Ошондой эле, айыл чарба продукцияларынын түрүн камтыган «Жер эненин жемиши» эл алдына сунушталды.

Аны менен катар “Кыялымдагы шаар”- архитектуралык-конструктордук институттардын жана ийримдердин макеттери, электрондук-робото-техника макеттери, «Сарпай» - аталышындагы жеңил өнөр-жай, чакан ишканалардын, тигүү цехтердин продукциялары, «Өнөркана» - эл керектөөчү, турмуш тиричилик товарларын өндүрүп жаткан жергиликтүү ишканалар, ишкерлердин колунан жасалган заманбап, сапаттуу, бренд товарлардын көргөзмөсү жана "Аш" жана " Нан" жарманкеси уюштурулуп, 30га жакын Ош облусунун чайханалары катышты.

Майрам шаңы учурда элдик сейилдөөлөр менен уланууда.

Пикир

Оставить комментарий