• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Ысык-Көлдө "Сот этикасы жана судьялык этикет" семинары ишин баштады

Аймак 0

Бишкек, 02.09.22. /Кабар/. Бүгүн, 2-сентябрда Ысык-Көл облусунда "Сот этикасы жана судьялык этикет" аталышындагы семинар өз ишин баштады. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, семинарга Жогорку соттун судьялары катышууда.

Семинардын ишине катышып жаткан Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков сот өндүрүшүндөгү эффективдүү жана адилеттүү ишмердүүлүк – мыйзамдуулуктун маанилүү компоненттеринин бири экендигин айтты.

“Албетте, сот адилеттигин ишке ашырууда судьялардын ишмердүүлүгү, өзгөчө кылмыш иштери боюнча көп учурда татаал жана ар тараптуу. Ал процесстин жүрүшүндө келип чыккан чыр-чатактарды алдын алуу жана чечүү зарылчылыгы менен шартталган.

Ошол даттануулар, кээде сот процесстерине катышып жаткан жарандарыбыздын ачыктан-ачык кыжырдануусу, массалык маалымат каражаттарында, социалдык тармактарда жарыяланып кеткен учурлар судьялардын талкуусун талап кылат. Сот этикасы жана судьялык этикет деген эмне экенин түшүнүү зарылбы?

Тренингдин максаты - катышуучуларды жүрүм-турумдагы соттук этикеттин эрежелерин жана көндүмдөрүн үйрөтүү, сот өндүрүшүндөгү судьялардын жүрүм-турумун изилдөө жана талдоо болуп саналат”, - деп билдирди Замирбек Базарбеков.

Эки күндүк семинардын алкагында Жогорку соттун судьялары судьялык этиканы жана судьялык этикетти сактоо, сотторго жана судьяларга ишенимди орнотуунун эң маанилүү факторун, соттук этикеттин процесстик жана башка талаптары, судьялык этикеттин француз модели, сот процессинин кесипкөй катышуучусу катары адвокаттын судьялык этикасы, ошондой эле Европа өлкөлөрүнүн практикасынан алынган иштерди талкуулашат.

Аталган семинарды Сот адилеттигинин жогорку мектеби Европа биримдигинин “Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгү – 2-фаза” программасынын колдоосу менен уюштуруп жатат.

Пикир

Оставить комментарий