• 88.68
  • 95
  • 0.95

Базар-Коргондо рейддин алкагында 6 кылмыштын бети ачылды

Аймак 0

Бишкек, 31.01.23. /Кабар/. Базар-Коргон районунун аймагында милиция тарабынан “Укук тартип” аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейддин алкагында 350 кожолук текшерилди. Анын ичинен 1800 жаран, 1 мейманкана, 12 автобекет, 25 унаа оңдоочу жай көзөмөлгө алынды. Оперативдик анализден 10 жаран өткөрүлүп, 5 жаранга маалымат издөө картасы толтурулуп, райондук милициянын профилактикалык каттоосунда турган 35 жаран менен тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлдү.

Рейддин жүрүшүндө 6 уурулук кылмышынын бети ачылып, укук бузган 35 жаранга протоколдор толтурулуп, тийиштүү чечимдер кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий