Кар жаап, бороон-чапкын болууда. Өтмөк ашуусунда жолдорго кум себилүүдө

Аймак 0

Бишкек, 14.03.21. /Кабар/. 12-марттагы аба ырайынын кескин өзгөргөндүгүнө байланыштуу Бишкек-Талас унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда бороон-чапкын болуп, көрүү начарлады. Бул тууралуу Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, оор жүк ташуучу унаалар ар кайсы жерде 15-20 мүнөттүк тыгындарды пайда кылууда.

"Техникалар күнү-түнү тынбай иштеп жатат. Атайын кызматкерлер жолдорго кум себүүдө. Кырдаал боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана Жол кайгуул кызматына маалымат берилген", - деп айтылат билдирүүдө.

Министрликтен кошумчалашкандай, учурда бороон болуп, көрүү начар, бирок унаалар жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий