• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош мэри Алмаз Мамбетов Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берди

Аймак 0

Бишкек, 28.11.21. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов №5278 шайлоо тилкесинде атуулдук милдетин аткарып, Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоодо добуш берди, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, шаар башчысы шаардыктарды шайлоо жараянына активдүү катышып, өлкө келечегине кайдыгер карабоого чакырды. Ошондой эле бул ирет Кыргызстанда таза, ачык-айкын шайлоо өткөрүүгө бардык аракеттер көрүлгөнүн билдирди.

Шаар мэриясы тарабынан парламенттик шайлоону өткөрүүгө бардык участкаларда шарттар түзүлгөн. Ош шаарындагы 78 шайлоо тилкесинде 154 миңдин тегерегинде шайлоочу катталган.

Эскерте кетсек, бүгүн, 28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат. 2021-жылдын 11-апрелинде референдумда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, Жогорку Кеңештин жаңы курамы 90 депутаттан турат жана аралаш шайлоо системасы менен 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Алсак, Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча) бирдиктүү шайлоо округу боюнча, 36 депутат бир мандаттуу округдар боюнча мажоритардык система боюнча шайланат.

Пикир

Оставить комментарий