• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Маматов: Автоматтык эсептөө урналарынын бузулушу аппаратты туура эмес колдонууга байланыштуу

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 28.11.21. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясынын арыздарды жана даттанууларды кароо боюнча жумушчу тобунун жетекчиси Кайрат Маматов брифингдин жүрүшүндө автоматтык түрдө эсептөөчү урналардын бузулушуна комментарий берди.

Анын айтымында, мындай фактылар мурдагы шайлоолордо деле катталып келген.

“Көбүнчө бул аппаратты туура эмес колдонууга байланыштуу болот, урналардын бузулуусун алдын алуу максатында ар бир шайлоо округуна тейлөө боюнча техникалык адистер бекитилген. Азыркы учурда эсептөө урналарындагы көйгөйлөр жөнгө салынды”, - деди ал.

Эскерте кетсек, бүгүн, 28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат. 2021-жылдын 11-апрелинде референдумда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, Жогорку Кеңештин жаңы курамы 90 депутаттан турат жана аралаш шайлоо системасы менен 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Алсак, Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча) бирдиктүү шайлоо округу боюнча, 36 депутат бир мандаттуу округдар боюнча мажоритардык система боюнча шайланат.

Пикир

Оставить комментарий